МЫК ТИКЕН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЫК ТИКЕН (Tribulus) - өсүмдүктөрдүн жуп жалбырактуулар тукумундагы уруусу. Жалбы­рагы кош канат сымал, майда, уз. 0,5-1 см, жээ­ги тегиз, сабагы 10-30 смге жеткен, төшөлүп өсүүчү бир же эки жылдык чөп. Гүлү жалгыз­дан, майда, сары, беш мүчөлүү, мөмөсү беш бөлүктүү жаңгакча, сырты учтуу илмекей ти­кендүү. Америкада, Африкада, ошондой эле Жер Орто­лук деңиздин чыгыш жээгинде кеңири тарал­ган 20, Кыргызстанда 1 түрү белгилүү. М. т. кумдак, каксоо жерде, жол боюнда өсөт. Мөмөсунүн ти­кени малдын бутун жаралайт, кой, эчкинин жүнүнө жабышып, сапатын төмөндөтөт.