МУШКЕТОВ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУШКЕТОВ МӨҢГҮСҮ - Борбордук Теңир-Тоодогу бутактанган татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Сары-Жаз жана Адыр-Төр кырка тоолорунун ту­тумдашкан жерлеринен башталып, чыгыштан батышка карай созулуп жатат. Уз. 20,5 км, туу­расы 1500-1800 м, аянты 75 км2, орт. калың­дыгы 250 м. Эки кырка тоонун арасындагы кууш тепши сымал өрөөндө жайгашкан. Башы деңиз деңгээлинен 5440 м, этеги 3440 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4400 м, тескей беттерде 3950 лгге чейин төмөндөп, күнөстүү беттерде

4400 жге чейин көтөрүлөт. Бети өңгүл-дөңгүл, чуңкур, жал, жаракалар менен өтө тилмеленген. Этегинин 5 клгдей жери морена катмары менен туташ капталган. Мезгил-мезгили менен алдыга тез жылып туруучу мөңгүлөрдүн катарына ки­рет. Акыркы жолу 1957-ж. алдыга жылган (2450 мге). Мөңгүдөн Сары-Жаздын сол куйма­сы - Адыр-Төр суусу башталат. Мөңгү И. В. Муш­кетовдун ысмынан аталган.