МУУНЧУЛ ЫР ТҮЗҮЛҮШҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
МУУНЧУЛ ЫР ТҮЗҮЛҮШҮ, силлабикалыкыр түзүлүшү — ыргак тузүүнүн, башкача айтканда ыр куруунун каражаты катары муун сандарынын бирдейлигине негизделген ыр системасы. Мында ыргак (ритм) ыр сабындагы муундардын бирдей өлчөмдө айкашы аркылуу түзүлөт, бул система туруктуу басымга ээ тилдерге мүнөздүү. В. Радловдун, А. Самойловичтин, А. Фадеевдин, К. Рысалиевдин кыргыз ыр түзүлүшунө арналган эмгектеринде кыргыздын салттуу ыры ушул системага таандык экендиги көрсөтүлгөн.