МУСУЛМАН ЛИГАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУСУЛМАН ЛИГАСЫ — Пакистандын саясий партиясы (1972-жылдан Пакистан М. л.). Бри­тан Индиясынын мусулман коомдук уюмда­рынын жетекчилеринин Дакка ш-ндагы конференциясында (1906) түзүлгөн. Партиянын мак­саты - англ. бийликтин алдында индиялык му­сулмандардын саясий укуктарын жана кызык­чылыктарын коргоо. М. л. Индиянын доми­нион укугун алышы үчүн бирге күрөшүү жөнүндө 1916-ж. Индия улуттук конгресси менен макул­дашкан. 1940-ж. көз карандысыз мусулман мам­лекетин куруу талабын коюп, Пакистан мам­лекети үчүн күрөшкө жетекчилик кылган. Ал мамлекет түзүлгөндө (1947) М. л-нын жетекчи­лери бир аз жылдары борбордо да, жер-жерлерде да бийлик башында турган, бирок 1954-56-ж. бийликтен ажыраган, анткени М. л-нын жетек­чилиги Батыш Пакистан помещиктеринин кы­зыкчылыктарын коргогон. 1958-жылдын ок­тябрь айынан 1962-жылдын июнь айына чейин өлкөдө согуштук абал киргизилип, М. л-на, баш­ка саясий партияларга тыюу салынган. 1962-ж. сентябрь-октябрь айларында партия өкмөттү жактаган (1963-69-ж. Пакистан президенти

Айюб хан, кийин Ф. К. Чоудхури жетекте­ген) жана оппозициядагы (1968-ж. экиге бөлүнүп, башында М. М. Даултан менен А. Каюм хандар турган) эки фракцияга ажырап, өлкөдөгү сая­сий кризис убагында (-1969) М. л-нын позиция­сы начарлаган. М. л. көз карандысыз Бангла­дештин түзүлүшүнө каршы чыгып, 1971-ж. де­кабрда Бангладеш Эл Респ-нда анын иштешине тыюу салынган. Өкмөттү жактагандардын же­текчиси А. Каюм хан 1972-ж. 3. А. Вхуттонун жарандык өкмөтүнө кирген. Ошол жылы ок­тябрда Ф. К. Чоудхури жана М. М. Даултан же­тектеген фракциялар биригип кеткен.