МУСА Баетов

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУСА Баетов (1902, азыркы Нарын облусу, Ак­Талаа району, Байгөнчөк кыштагы - 9. 5. 1949, Фрун­зе) - ырчы, обончу, Кыргыз ССР эл артисти (1939). Нарын шаардык радиосунда (1931-1934), Кыргыз мамлекеттик филар­мониясында (1936-1949) со­лист болуп иштеген. Тубаса мукам үнү менен жаштайынан элдик ырларды («Сары-Ой», «Жароокер», «Арпанын Ала-Тоосунан», «Ак Зый­нат») чебер аткарган. Муса жөнөкөй аткаруучудан профессионал опералык ыр­чыга чейин өсүп, «Манас» операсында Алмам­бет менен Сыргактын, «Айчүрөктө» Күлчоронун партияларын ырдаган. Ал таланттуу обончу да болгон.

МУСА Баетов

Алгачкы обондору («Даанышман», «Ой­гоном») элдик ырлардын духунда жаралса, ки­йинки чыгарган обондорунан («Эр Панфилов», «Майданга чыкты маршалдар», «Бакыт», «Тут­кун ыры» жана башкалар) анын чыгармачылыгына профессио­нал музыканын таасири тийгени байкалат. «Окудум борбор шаарынан», «Сагынам», «Кыз­дар ай», «Алма алам» деген ырлары өзгөчө көркөмдүк сапатка ээ. Муса комузда, домбрада, гармондо эркин ойной билген, ырларын ошол аспаптардын коштоосу менен аткарган. Муса «Сарт калмак», «Кургур ай», «Ох-хой», «Ак-Сайдын күйгөнү», Боогачынын «Үкөй», Эсенаалынын «Ойтобо», Токтогулдун «Кербезим», «Келгенде­ги кербезим», Атайдын «Ой булбул» жана башка эл­дик жана автордук ырларды зор чеберчиликте ат­карган. Мусанын аткаруусундагы элдик жана зал­кар обончулардын ырларын музыка изилдөө­чүлөр А. Затаевич, В. Виноградов нотага түшүр­гөн. Музыка изилдөөчү Б. Алагушов Мусанын «Ар­панын Ала-Тоосунан» (2002) аттуу обондуу ыр­ларынын жыйнагын түзүп, жарыкка чыгарган. Борбордук Азия жана Казакстан ырчыларынын конкур­сунда Муса биринчи байгени алган (1944). Мусанын ысмы Нарындагы маданият үйүнө, Бишкек шаарында­гы көчөгө, Ак-Талаа районунун борборуна, туул­ган жериндеги мектепке берилген. Эмгек Кы­зыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана ме­далдар менен сыйланган.