МУРСИЯ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
МУРСИЯ - Испаниядагы шаар. Европадагы табигый жибек өндүрүүнүн эң ири борбору. Мурсия АОсунун жана провинциясынын администрациялык борбору. Сегура д-нын боюнда жайгашкан. Калкы 448,7 миң (2010). Кебез-кездеме, тамак-аш ө. ж. ишканалары иштейт. Мотоцикл жана жардыруучу заттарды чыгарат. Цитрус өсүмдүктөрүн белендейт. Университет бар. Собор (14-16-к.), чиркөө (16-17-к.) сакталган. Шаар 825-ж. негизделген.