МУРМАНСК
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
МУРМАНСК (1917-ж. чейин Романов наМурмане)- Баатыр-шаар (1985). РФтин курамында. Мурма обл-нун администрациялык борбору. Түндүк уюл айланасынын ары жагында, көп жылдык тоң таралган зонада жайгашкан. Баренц деңизинин Кола булуңундагы тоңбогон порт. Калкы 307,3 миң (2010). Т. ж. бекети. Аэропорт бар. М. т. ж. магистралынын, Санкт-Петербург - М. автомобиль жолунун акыркы пункту. Ө. ж-нын негизги тармагы балык кармап белендөө, кеме оңдоо, курулуш материалы. Шаарда трал менен балык (сельдь ж. б.) кармоочу жана кабыл алуучу транспорт флоттору топтолгон. Түндүк деңиз жолунун башталгыч пункту. Үч ЖОЖ, 3 театр (драма, куурчак), филармония, край таануу, сүрөт, аскер-деңиз музейлери бар. Шаар 1916-ж. негизделген.