МУЗЫКАЛЫК ТҮЗҮЛҮШ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
МУЗЫКАЛЫК ТҮЗҮЛҮШ - добуштардын бийиктик өз ара катышынын системасы. Сандар менен мүнөздөлөт, бул ал сандар үстүнкү жана астыңкы бир нече интервалдардын термелүүлөрүн аныктайт. Европа элдеринин бир үндүү музыкасы таза квинтага негизделген, ага карата 3:2 катыштагы пайдаланылат. Болжолу 16-к-дан көп үндүү музыкада таза түзүлүш таралып кеткен жана ал квинтадан сырткары, чоң терцияга (5:4) негизделген. 18-к-дын башында калыптанган тездик түзүлүштөгү таза октава (2:1) 12 жарым тондукка бирдей бөлүнгөн.