МУЗЫКА
МУЗЫКА (грекче musike - музалар өнөрү) - искусствонун бир түрү. Добуш салуу, обон жаратуу көркөм өнөрү; айлана-чөйрөнү добуш аркылуу көркөм чагылдыруу, адамдын ички дүйнөсүн добуштун, үндүн жардамы менен алардын бийиктик, ыргактык, тембрдик жана башка касиеттерин айкалыштыруу аркылуу көркөм жыйынтыктоого жетишүү, чыгарма жаратуу өнөрү. Музыка адамдын дилиндеги ар кандай ой-сезимдерди ачып бере алат жана эмоциялык таасири аркылуу бүткүл адамзат тарыхында коомдук идеялык, маданий-тарбиялык маанилүү роль аткарат. Музыка белгилүү бир адабий чыгарманын мазмунуна (сюжетине) негизделип жаралат. Турмушта кездешүүчү башка үндөрдөн музыкалык үндөрдүн айырмасы алардын бийиктик жана убакыттык (ыргактык) катнаштары жагынан өтө тактыгында. Музыканын пластикалык өнөрдөн, адабияттан, театрдан айырмасы - образдарды үн каражаттары менен гана сүрөттөгөнүндө. Музыкада эпикалык, драмалык жана лирикалык мазмун, айрыкча лирикалык ой-сезимдер, таасирлер көбүрөөк баяндалып, жагымдуу образдар басымдуулук кылат. Анда байыртан, айрыкча романтизм доорунан баштап терс образдар да (ирония, карикатура, гротеск) туюнтулат. Ар кайсы кылымда улуттук музыка белгилүү типте калыптанган үн кайрыктары менен мүнөздөлөт. Бул үн кайрыктары ошол доордун жана улуттун музыкалык «тили» деп айтылат. Музыкалык «тилдердин», көбүнчө тондордун бийиктик катыштары ладдын, ал эми убакыттык катыштары метрдин негизинде жүрөт. Музыкалык үндөр
белгилүү мыйзам ченемде куюлушуп, обонду пайда кылат. Обон - музыканын эң жөнөкөй жана алгачкы формасы, негизги өзөгү (к. Обон). Музыканын негизги элементтери жана көркөм каражаттары: лад, ыргак, метр, темп, динамика, тембр, обон, гармония, полифония, аспапташтыруу. Музыка нотага түшүрүлүп аткарылат. Адамдын музыкалык жөндөмү, негизинен, чыгармачылык (музыка жазуу), аткаруучулук (к. Музыкалык аткаруу) жана кабылдоо деп үч түргө бөлүнөт. Бул үчөө музыканы жайылтуу жана пропагандалоо, илим-изилдөө, музыкалык сын (к. Музыка таануу), музыкалык кадрларды даярдоо иш-чаралары коомдук музыкалык маданиятты түзөт. Музыкалык маданият ар бири өзүнө таандык белгилери бар чыгармачылык түрлөргө бөлүнөт: 1) мазмуну жагынан
лирикалык, эпикалык, драмалык, баатырдык, трагедиялык музыка, башкача айтканда - олуттуу жана жеңил музыка; 2) аткаруучулук жагынан-вокалдык жана аспаптык музыка, башкача айтканда, жеке аткарылуучу, ансамблдик, оркестрдик, хордук, аралаш музыка; 3) искусствонун башка түрлөрү менен бирге театр музыкасы, бий музыкасы, программалуу-аспаптык, мелодрама (музыка фонунда көркөм окуу) жана сөз менен айтылуучу вокалдык музыка; 4) аткарылыш ордуна карай - оюн-зоок (музыкалык театр, драмалык театр, кино музыкасы), концерттик (симфониялык, камералык, эстрадалык), көпчүлүк-турмуштук (ыр, бий) жана үрп-адат музыкасы (чиркөө ырлары жана башкалар); 5) композициялык түзүлүшү жана музыкалык «тили» боюнча бир бөлүмдүү жана циклдик жанрлар болот. Мисалы, оюн-зоок музыкасы - опера, балет, оперетта жана башкалар; концерттик музыка - симфония, сюита, увертюра, поэма, аспаптык концерт, оратория, кантата, трио, квартет, романс жана башкалар; үрп-адат музыкасы - хорал, месса, реквием жана башкалар. Бул жанрлардын ар бири өз ара жанрдык түрлөргө бөлүнөт, мисалы, операда, опереттада, оратория менен кантатада ария, хор; балетте адажио жана жеке бийленүүчү вариация; симфонияда, сонатада, камералык-аспаптык ансамблде анданте жана скерцо жана башкалар кездешет.
Батыш Европада VI-VII кылымдарда бир үндүү чиркөө ырлары, кийин көп үндүү ырлар, вокалдык (хор) жана вокалдык-аспаптык чыгармалар (хор жана орган) калыптанган. XII кылымда Францияда алгач композитор мектеби (Париж Теңир эне соборунда), XVIII кылымдын 1-жарымында опера театры,
филармония (концерттик) коому жана башка музыкалык мекемелер түзүлгөн. Жаалуу кыл аспап түрлөрү (скрипка, виолончель), алгачкы фортепиано (1709, Б. Кристофори, Италия) пайда болгон. Музыкалык билим берүү (Италия консерваториясы) өркүндөп, музыкалык илимден музыкалык сын бөлүнүп чыккан (И. Маттезон, Германия 18-кылымдын башы). Вокалдык аспаптык жанрдан опера (Италия, Франция, Англия), оратория (Германия, Италия, Англия), кантата (И. С. Бах), ошондой эле жаңы аспаптык жанрлар - оркестрлик жана жеке концерт (А. Корелли, А. Вивальди, Ж. Тартини, И. Вах, Г. Гендель), камералык ансамблде жана жеке аткарылуучу соната (Ж. Витали, А. Корелли, Д. Скарлатти), орган (Ж. Фрескобальди, Д. Букстехуде, И. Бах, Г. Гендель) жана клавесин музыкасы (Англия - У. Берд, Ж. Булл жана башкалар, Франция - Ф. Куперен, Ж. Рамо) өнүккөн, ошондой эле бий сюитасы, симфония жана соната (Й. Гайдн, В. Моцарт, Л. Бетховен), балет (К. Глюк, Л. Бетховен) өзүнчө жанр катары калыптанган. XIX кылым улуттук композиторлор мектебинин гүлдөө мезгили болду, мисалы, орус (негиз салуучусу М. И. Глинка), поляк (Ф. Шопен, С. Монюшко), чех (Б. Сметана, А. Дворжак), венгр (Ф. Эркель, Ф. Лист). XIX кылымдын 2- жарымында орус музыкасында П. И. Чайковский менен «Кубаттуу топтун» композиторлорунун (М. А. Балакирев, А. П. Бородин, М. П. Мусоргский, Н. А. Римский-Корсаков, Ц. А. Кюи) ишмердиги айрыкча көрүнгөн. XX кылымдын дүйнөлүк музыкалык өнөрүндө советтик музыкага зор роль таандык. Көптөгөн көрүнүктүү композиторлор: Н. Я. Мясковский, Ю. А. Шапорин, С. С. Прокофьев, Д. Д. Шостакович, Т. Н. Хренников, Д. Б. Кабалевский, Анын Ичинде Хачатурян, Н. Г. Свиридов, Р. К. Щедрин, Е. Г. Брусиловский, К. Караев жана башкалар өсүп чыккан. Кыргыз музыкасы элдин эзелтен берки тарыхын түркүн жанрлар менен чагылдырып келген. Токтогул, Муратаалы, Карамолдо, Ыбрай, Атай сыяктуу залкар комузчулар ар кандай окуяны, эл мүдөөсүн күүгө салып, журтчулукка тартуулаган. Мындан тышкары ырчылык өнөр да (айтыш, кошок жана башкалар) музыкалык маданияттын өнүгүшүнө өбөлгө болгон. Бул айрыкча Эшмамбет, Калык, Алымкул, Муса, Мыскал өңдүү аткаруучулардын өнөрүнөн көрүнөт. Кыргыз профессионал музыкасынын өнүгүшүнө А. Малдыбаев, А. Түлеев, М. Абдраев, К. Молдобасанов, А. Аманбаев, Т. Эрматов, Н. Давлесов өндүү композиторлордун кошкон үлүшү зор. Алар улуттук музыкалык маданиятты өнүктүрүүдө зор эмгек кылышты.
Ад.: Алагушев Б. Кыргыз композиторлору. Ф., 1969; Розеншильд К. История зарубежной музыки. В. 1-е, 3-е изд. М., 1973. Кыргыздын музыкалык аспаптары. Ф., 1975; Комузчулар өнөрү. Ф., 1976; Музыкальная энциклопедия, Т. 1. М., 1976. Михайлов А. В. Музыка в истории культуры. М., 1995; Алагушов Б. Кыргыз музыкасы. Энциклопедия. Б., 2007. Музыка как форма интеллектуальной деятельности. 2-е изд. М., 2009. Б. Алагушов.