МУЗОО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУЗОО - уйдун 6 айга чейинки жаш төлү. М-нун өңү, тирүүлөй салмагы, дене түзүлүшү ж. б. сапаттары анын породасына, багылышына, ата-тегине жараша болот. Мисалы, ала-тоо уюнун М-су көбүнчө-күрөң түстө; жаңы туулгандагы тирүүлөй салмагы 30-40 кг; 6 айлыгында 160- 190 кгга жетет.