МУЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУЗ - тоңуп калган суу. Ал кристаллдык (11) жана аморфтук М. болуп бөлүнөт. М-дун түрлөрү: атм. (кар, кыроо, мөндур), суу музу (суунун үс­түндө пайда болгон муз катмары жана суунун ар түрдүү тереңдигиндеги муз), жер астындагы жана мөңгү музу. Жер бетиндеги муздун жалпы көлө­мү 30 миллион км3, анын көбү уюлдук аймактарда (негизинен Антарктидада, калыңдыгы 4 км) топ­толгон. М. азык-түлүктү тоңдуруп сактоодо, туз­суз суу алууда, медицинада кеңири колдонулат. Географиялык энчилүү ат катары да кеңири таралган: Ак-Муз, Муз-Арт, Муз-Бел, Муз-Булак, Муз-Тоо, Муз-Төр ж. б.