МОРФОЛОГИЯ (биология)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
МОРФОЛОГИЯ биологияда - жаныбар организминин, алардын жеке (онтогенез) жана тарыхый (филогенез) өөрчүшүнүн закон ченемдүү формасы жана түзүлүшү жөнүндөгү окуу. Жаныбар М-сы изилденүүчү жаныбардын түзулүш деңгээлине жараша цитология, гистология, анатомия, эмбриология болуп бөлүнөт. Ошондой эле функционалык, экол., эволюциялык, популяциялык М. белгилүү. Адамдын М-сы организмдин түзүлүшүнүн түрдүү өзгөрүүлөрүн (курактык, жыныстык, адистик ж. б.) изилдейт. Ошондой эле к. Өсүмдүк морфологиясы макаласын.