МОРФЕМА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОРФЕМА - сөздүн маани берүүчү бөлүгү жана тилдеги негизги бирдик же мааниси жагынан бөлүнбөй турган грамматикалык форма. М-нын ка­сиеттери: м а а н и берет (лексикалык же грам­мат. маани туюнтат); башка учурларда да бир­дей мааниде, бирдей формада кайталанат; ч е к т ү ү болот (баштапкы маанидеги абалы­нан ары бөлүктөргө ажырабайт). Мисалы «малчы­лардын» деген сөз «мал» «-чы», «-лар», «-дын» деген 4 М-дан турат. Мында биринчи М. зат атооч, экинчиси сөз жасоо, үчүнчүсү көптүктү, төртүнчүсү (илик жөндөмө) таандык байланыш маанилерин туюнтту. Ушул сыяктуу ар кыл маанилерди туюнтушуна карата бул сөз бирди­ги (М.) уңгу М., лексикалык М., к у­р а н д ы М. дегендей түрлөргө бөлүнүп кетет.