МИҢ-КУШ (суу)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
МИҢ-КУШ - Жумгал районундагы суу, Көкөмерен суусунун сол куймасы. Узундугу 47 км, алабынын аянты 728 км2. Молдо-Тоонун түндүк капталынан башталып, нугу кууш; ортонку жана төмөнкү агымында өрөөнү кеңейет. Негизинен булак (42%), мөңгү (28%), кар (25,4%) сууларынан куралат. Ири куймалары: Чамынды (Узундугу 29 км), Туюк-Суу (13 км), Чоң-Таш (12 км). Жылдык орт. чыгымы 1,12 м3/сек, эң көп чыгымы июнь-июлда, азы январь-февралда байкалат. Апрелде кирип, сентябрда тартыла баштайт. Алабында таш көмүр кени бар. Жээгинде Миң-Куш шаарчасы, Сары-Булак кыш. жайгашкан. Уран кенташ калдыктары көмүлгөн жер.