МИТТЕРАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МИТТЕРАН Франсуа (26. 10. 1916, Шаранта департа­менти, Жарнак - 8. 1. 1996, Париж) - фр. мамлекеттик жана саясий ишмер. 1937-жылы Па­рижде жана Сорбоннада би­лим алган. Кесиби боюнча юрист жана филолог. 2-дүйнө­лүк согушта жарадар болуп, 1940-жылы туткунга түшкөн. 1941-жылы туткундан качып,

Францияга кайтып келген. 1942-жылы Каршылык көрсөтүү кыймылына катышкан. 1944-жылы Ш. де Голлдун өкмөтүндө туткундардын иштери боюнча генералдык секретарь, 1945-жылы Каршылык көрсөтүүнүн демокр. жана социалисттик союзу солчул цент­ристтик партиясын негиздеген. Француз парла­ментинин депутаты (1946-58; 1962-81). Төртүнчү респ-нын мезгилинде мурунку фронтовиктер­дин иштери боюнча министр (1947-48), Министрлер Советининн төрагасынын алдындагы мамлекеттик сек­ретарь (1948-49), Дениздин ары жагындагы ай­мактар иштери боюнча (1950-51), мамлекеттик министр (1952), ЕС иштери боюнча (1953), ички иштер (1954- 55), юстиция (1956-57) министри. Бешинчи респ. негизделгенден кийин солчул оппозиция­нын башкы лидерлеринин бири (1958). 1965-жылы Демокр. жана социалисттик солчул күчтөрдүн федерация­сын түзгөн. 1970-71-ж: Респ. институттар конвенти партиясын расмий жетектеген. 1971-жылы Фран­цуз социалисттик партиясынын 1-секретары, 1981-95-ж. Франция президенти болуп иштеген. Ал ө. ж. ишканаларын жана банктарды улутташтыруу, мамлекеттик бийликти борбордоштуруу, жумуш күнүн кыскартуу ж. б. иштерди жүргүзгөн.

Ад.: Васютинский В. Н. Президент Французской Республики. Ф. Миттеран (1981-91). М., 1992.