МИСКАН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
МИСКАН - Фергана өрөөнүнүн тоолуу аймагында жайгашкан Некад аймагынын борбору. О. кылымдагы араб-фарсы авторлорунун эмгектеринде кездешет. Мисалы, Ибн Хаукалдын эмгеги («Китаб ал-масалик ва-л-мамалик») боюнча Фергана Жогорку жана Төмөнкү Несья, Асбара, Некад, Миянрудан, Жидгил, Урест, Бискенд, Селат деген округдарга бөлүнүп, Некадда М-дан башка шаар жок экени белгиленген. Бирок анын кай жерде жайгашканы жөнүндө азырынча так маалымат жок.