МИКЕЛАНЖЕЛО Буонарроти

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МИКЕЛАНЖЕЛО Буонарроти (Michelangelo Buonarroti) (6. 3. 1475, Тоскана, Капрезе шаары, азыр­кы Капрезе-Микеланжело - 18. 2. 1564, Рим, сөөгү Флоренцияга коюлган) - италян скульп­тору, сүрөтчү, архитектор жана акын. Микеланжелонун чыгармачылы­гында Жогорку Кайра жа­ралуунун адамды сүйүүгө, баатырдык пафосуна суга­рылган идеалдары, ошондой эле Соңку Кайра жаралуу доо­рундагы искусствого мүнөздүү дүйнөнү гуманисттик ка­былдоодогу трагизм, песси­мисттик маанай чоң көр­көмдүк күч менен чагылды­рылган.

МИКЕЛАНЖЕЛО Буонарроти

Монументтүүлүк менен пластикалуулук, адам турпатынын сулуулугуна суктануу жана об­раздагы драматизм Микеланжелонун алгачкы чыгармачылыгына мүнөздүү касиеттер экени ачык байкалат. Микеланжело Римде «Христти жоктоо» (1498-1501, Римдеги ыйык Пётр собору) аттуу статуяны түзүп, жаш келиндин аза күткөн образы аркылуу салттуу готикага жаңы гуманисттик мазмун берген. 1501-жылы Микеланжело Флоренцияга келип, Давиддин эң зор статуясын (1501-1504; Академия галереясы, Флоренция) жараткан. 1505-жылы папа Юлий II Микеланжелону Римге кайра чакырып алган. Бул жерде скульптордун негизги шедеврлеринин бири бол­гон «Моисей» (1515-1516) аттуу статуяны чеккен.

Микеланжелонун эң ири чыгармасы - Ватикандагы Сикс­тин капелласынын чамгарагындагы сүрөттөр (1508-1512). Бул сүрөттөрдүн сюжеттери Библия­дан алынган. Ар бир пайгамбардын сүрөтү, пе­риштелер композициясы боюнча ырааттуу иштел­генетикалык Кийин Микеланжелонун дүйнө кабылдоосу трагедия­луу мүнөз алып, Флоренциядагы Сан-Лоренцо чиркөөсүнүн Жаңы сакрист ансамбли (1520- 1534), Сикстин капелласынын алтардык дубалын­дагы «Тозок оту» фрескасы (1536-1541), «Христти жоктоонун» (1550-жылы чен - 1555) кийинки ва­рианты жана башкалар жаралат. «Тозок оту» фрескасы жана башка чыгармалары кийинчерээк барокко

стили­нин өнүгүшүнө шарт түзгөн.

Микеланжело. «Адамдын жаралышы». Ватиканда­гы Сикстин калелласынын плафонунун фрагменти.Микеланжело.
«Да­вид». Мрамор. 1501-1504. Академия гале­реясы. Флоренция.

Микеланжелонун архи­тектордук даанышмандыгы (1523-34) Римдеги Капитолий, ыйык Пётр собору жана башка архитектуранын өлбөс-өчпөс шедеврлеринен көрүнөт. Микеланжело ки­йинчерээк скульптура менен живопистен чет­теп, көбүнчө үй куруучулук иши менен поэзияга көп кайрылган. Микеланжелонун поэзиясы оюнун терең­диги жана бийик трагедиялуулугу менен айырма­ланат.

Ад.: Микеланджело и его время. Сб. ст. М., 1978; Дажина В. Д. Микеланджело. Рисунок в его

твор­честве. М., 1986; Алпатов В. М. Поэзия Микелан­джело//Поэзия Микеланджело. М., 1992.