МЕТЕОРОЛОГИЯЛЫК ЭЛЕМЕНТТЕР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
МЕТЕОРОЛОГИЯЛЫК ЭЛЕМЕНТТЕР - атм-да пайда болуучу кубулуштар. Буга абанын темпрасы, басымы, нымдуулугу, шамалдын багыты, күчү, ылдамдыгы, булут, жаан-чачын, атм-нын тунуктугу, жер кыртышынын, суунун үстүнкү бетинин температурасы, Кун радиациясы, Жер менен атм-нын узун толкундуу нурланышы, аба ырайынын өзгөрушү, чагылган, бороон ж. б. кирет. Мындай элементтердин өзгөрүп турушу атм. процесстердин натыйжасы болуп эсептелет. Аба ырайы менен климатты аныктайт. Метеорол., аэрол. приборлор менен байкоо жүргузүлөт.