МЕТЕОРОЛОГИЯЛЫК СТАНЦИЯ
МЕТЕОРОЛОГИЯЛЫК СТАНЦИЯ - атм-га жана жер бетине үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүп туруучу илимий мекеме. Негизинен метеорологиялык элементтерди, ар кандай кубулуштардын белгилеринин бир убакта өзгөрүшүн (башталышын, бүтүшүн, аракетин) изилдейт. Биринчи станция 18-к-да ишке киргизилген. Петербургда Башкы физикалык обсерватория ачылгандан кийин (1849) М. с-лар бирдиктүү жетекчиликке ээ болгон. Байкоо жүргүзүүнүн жалпы программасы түзүлгөн. Станциянын курамына метеорол. аянтча (термометри, гидрометри бар психрометр будкасы, шамалдын ылдамдыгын, багытын, кучүн өлчөөчу аспап, жаан-чачын өлчөгүч жана топурак термометри ж. б.), кызмат үйү (барометр, көчүрмө аспаптар, маалымат жыйынтыктоо бөлүмү бар) кирген. Байкоо жүргүзүү иштери атайын программа боюнча 3 же 6 саатта, кээде саат сайын, 10 мүнөттүн ичинде жүргүзүлуп турат. Маалыматтар шарттуу белгилер (код) менен сандык маалымат түрүндө тийиштүү жерге (аба ырайы бюросуна, авиаметеостанцияга) жиберилет. Станциядан алынган маалыматтар аба ырайы боюнча прогноз түзүүдө колдонулат.