МЕТАСТАЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕТАСТАЗ (грекче metastasis - орун которушту­руу, өтүү) - оору пайда кылуучу микроорганизм­дердин шишик клеткалары ж. б. оорунун баш­талган жеринен кан же лимфа менен орун кото­руп келишинен пайда болгон экинчи патол. очок. Пайда кылуучу агенттерге жараша инфекция­луу М. жана шишик М-ы, ал эми таралуу жолу­на байланыштуу лимфагендүү жана гематогендүү болуп айырмаланат. Шишик клеткасы лимфа жолу менен тараса, М. көбүнчө 1-шишиктин жа­нындагы лимфа бездеринде пайда болот. Гема­тогендик М-да клетка 1-шишик түйүнүнөн бөлү­нүп, кан тамырга кирип, канда айданат жана кан тамыр капталына жабышып, өсө баштайт. Андан бузулган органдын тканында М. андан ары өнүгөт. М. түшүнүгү көбүнчө зыяндуу ши­шик клеткаларынын таралышын билдирет. Анын тез же жай болушу, таралышы ар түрдүү шишиктин мүнөзүнө жараша болот. Канга түш­көн шишик клеткаларынын баары М. пайда кылат. Ал жалгыздан болсо хирургиялык жол менен, жайылып тараган М-ды комплекстүү, нур жана химиятерапия жолдору менен дарылайт.