МЕТАМОРФИЗМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕТАМОРФЙЗМ (грекче теЪатбгрЬбота! - өзгө­рөм), тоо тектердин метаморфиз­м и - жер кыртышынын тереңдигиндеги темп­ра, басым, флюиддердин (жеңил учуп кетүүчү компоненттер) таасиринен тоо тектердин түзү­лүшүнүн, текстурасынын, минералдык жана химиялык курамынын олуттуу өзгөрүү процесси. Термин­ди илимге англ. геолог Ч. Лайель 1883-жылы кир­гизген. М. процессинде тоо тектер балкып эри­бей эле кристаллдык түзүлүштө өзгөрүүгө дуу­шар болот. Жер бетинде болуучу ныкталып тап­талуулар, камдашып биригүүлөр, диагенез про­цесси, талкалануу кубулуштары М. процесси­не кирбейт. М. процессин пайда кылуучу фак­торлорго өтө жогорку температура, туш тараптан кы­суучу күчтүү басым жана магманын курамында­гы флюиддер кирет. Фациялар пайда болот. Фация метаморфизмделген тоо тектерди изил­дөөдө жана топторго бөлүүдө негизги ролду ой­нойт. Көпчүлүк учурда М. процессинен тоо тек­теринин химиялык курамы өзгөрбөйт (изохим. М.), кээде бир аз өзгөрүүгө дуушар болот (аллохим. М.) же өтө күчтүү өзгөрүүгө учурайт (метасома­тоз). М. процесси чоң аймакты кучагына алса, региондук М., ал эми интрузиялардын чет та­рабындагы ичке тилкелерде жүрсө, контакт М-и деп аталат. Жер кыртышынын өнүгүү та­рыхындагы тектоникалык циклдин ичинде бир нече М. процесси болот. Алар өз ичйнен гранит маг­масы пайда болгон мезгилге жараша гранитке чейинки, гранит менен бирге жүрүүчү М. деп ажы­ратылат. Мындан тышкары тоо тектердин де­формацияга учуроо мезгилине карай статика­лык (деформация боло элек учурда) жана

синки­нематикалык (деформация менен бирге) түрлөргө бөлүнөт. Булардын физикалык-химиялык, геол. шарттары түрдүүчө болот. Температура менен басымдын көтөрү­лүшүнөн келип чыккан өзгөрүүлөр прогрессивдүү, төмөн түшкөндөгүсү регрессивдүү М. деп аталат. М. процессинен филлиттер, кристаллдуу сланец­тер, жашыл түстүү актинолит-хлориттүү сланец­тер, амфиболиттер, эклогиттер, кварциттер, мраморлор, роговиктер ж. б. пайда болот. М. процессинен ар кандай кен байлыктар келип чыгат. Алар метаморфоген кендери деп аталат.

Ад.: Елисеев Н.А. Метаморфизм. 2-е изд., М., 1963.