МЕТАМЕРИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕТАМЕРИЯ (мета... жана грекче meros - бөлүк, үлүш) - организмдин айрым топторунун денеси бирдей бөлүктөргө - метамерлерге бөлүнүшү. Бир организмдин метамерлеринде кайталанган окшош структуралар гомодинамиялуу деп ата­латынча М. ар түрдүү биол. себептерден түрдүү жол­дор менен пайда болот. Кээ бир ичеги көңдөйлүү­лөрдө колония түзүүдө М. байкалат. Тасма курт­тардын М-сы эндомите болгондуктан, ар бир муунакта жыныс органдары болуп, көбөйүшүн жогорулатат. Татаал түзүлүштүү көп клеткалуу жаныбарда М-нын пайда болушу организмдин ар түрдүү функцияларынын ургаалдуулугу же кыймыл механизминин жакшыруусу менен бай­ланышта, мисалы, сойлоп же сүзүп жүргөн учурда денени толкун сымал ийүү менен перистальтика­лык кыймылы. Дененин бүт узундугу боюнча ми­телер бири-бирине толугу менен окшош болушу мүмкүн (гомономия) же болбосо аткарган кыз­маты боюнча ар башка сапатта болот (гетероно­мия). Органдардын бардык системаларын куча­гына алган толук М. сегменттүү деп аталат.