МЕТАГАЛАКТИКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕТАГАЛАКТИКА (мета... жана галактика) - Ааламдын азыркы астрономиялык методдор менен изилде­нүүчү бөлүгү. Биздин Галлактика же Саманчы жолу - М-нын курамына кирген жылдыз систе­маларынын бири. Кубаттуу телескоп менен М-нын көбүрөөк аймагын көрүүгө болот. 20-к-дын ири телескобу менен байкоо аркылуу бизге белгилүү жарык тумандуулуктар, зор жылдыз система­лары экени аныкталган. Бул М-нын өнүгүшүнө түрткү болду. М-да галактикалардын 17% и эл­липстик галактикалар, 80% и спиралдык, ал эми 3%ке жакыны формасыз экендиги далил­денди.