МЕССА
МЕССА (латынча missio - бошотом, жиберем) - католиктердин чиркөөдө кудайга сыйынуу адатынын музыка менен ишке ашырылуучу эң негизги салты, православныйлардын литургиясына окшош. М-да башкы роль музыкага жүктөлгөн. М. - ординарийден (күндө колдонулуучу бөлүктөрү) жана пропорийден (диний майрамдарда гана аткарылуучу бөлүктөрү) турат. М. адатта ырдалат. Аз гана бөлүгү үндү кыраатын келтирип окулат. О. кылымдарда М-га кирген ырдоолор бир үндүү болгон. Кийинчерээк бир эле композитор тарабынан жазылып, кайра иштелип чыккан көп үндүү ырдоо жана алардын бүтүндөй бир циклдери пайда болгон. М-нын негизги түрлөрү: реквием (сөөк коюуга арналган муңдуу М.), кыска М. жанахордук М. 17-18-к-дан тартып М. концерттик музыка жанрына айланган. М. И. С. Бахтын си минор М-сы, Л. Бетховендин «Салтанаттуу мессасы» ж. б. чыгармалар сыйынуу музыкасынан башка концерттерде да аткарылат.
Ад.: Холопов Ю Н.. Месса//Григорианский хорал. М., 2008.