МЕСЕТА
МЕСЕТА, Кастилия бөксө тоосу Пиреней ж. а-нын борбордук бөлүгүндө, Испания менен Португалиянын аймагында. Платолордон, кырка тоолордон, жапыз тоо массивдеринен жана тоо аралык ойдуңдардан турат. Негизинен герцин бүктөлүшүндө пайда болгон. Бүктөлүү фундаменти М-нын батыш бөлүгүндө жер бетине чыгып, чыгышында мезозой, кайнозойдун деңиздик' жана континенттик тектеринин астында калат. Жеринин бети жалпысынан чыгыштан батышты карай эңкейиш. Басымдуу бийиктиги 600-1200 м\ Борбордук Кордильера кырка тоосу (бийикт. 2592 л«ге чейин, Альмансор чокусу, М-нин эң бийик жери) аркылуу Эски Кастилия (800- 1200 ж) жана Жаңы Кастилия (60О-8ОО м) бөксө тоолоруна бөлүнөт. Түштүгүндө, Сьерра-Морена тоолорунда коргошун, жез, сымап, кобальт, темир, түндүк-батышында, Галисияда темир, алтын, вольфам, калай кендери бар. Климаты негизинен субтропиктик, жер ортолук деңиздик, кургакчыл, түндүгүндө, Галисияда мелүүн, деңиз-

дик. Июлдун орт. температурасы 20-28°С, январдыкы 5°С чамасында. Жаан-чачыны 400-500 мм, тоолордо жана түндүк-батышында 1000-1500 ммте чейин. Кышы нымдуу, жайы (Галисиядан башкасы) кургакчыл. Башкы дарыялары: Дуэро, Тахо, Гвадиана. Батышында маквис, чыгышында жана түштүгүндө томиллар жана гарига тибиндеги бадалдар, тоолордо жазы жана ийне жалбырактуу сейрек токой өсөт. Дан эгиндери эгилет. Багбанчылык, жүзүмчүлүк өнүккөн. Жайыт катары пайдаланылат. Ири шаары - Мадрид.