МЕРКИТ (кыштак)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
МЕРКИТ — Ош облусу Ноокат районундагы кыштак. Төөлөс айыл аймагына Караштуу. Деңиз деңгээлинен 1080 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Ноокат ш-нан 38 км батыш тарапта. Кызыл-Кыя т. ж. бекетинен 10 км. Калкы 2892 (2010); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, медпункт, дарыкана, маданият үйү, кинотеатр бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода жайлары, базарчалар, май жуаздар иштейт. Ушул кыштакта туулган У. Салиеванын музейи уюштурулган. В. И. Ленинге эстелик тургузулган.