МЕРЕЦКОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕРЕЦКОВ Кирилл Афанасьевич [26. 5 (7. 6). 1897, Зарайск уезди, Рязань губерниясы (азыр­кы Москва обл., Зарайск району, Назарьев кыш. - 30. 12. 1968, Москва] - Советтик Союз. Маршалы (1944), Советтик

Союз. Баатыры (1940). 1918-жылдан Кызыл Армияда. 1918-20-ж. жа­рандык согушка катышкан. Жумушчу-Дыйкан Кызыл Армиясынын аскер акаде­миясын бүткөн (1921). Моск­ва, Беларуссия аскер округ­дарынын, Кызыл Туулуу Ыраакы Чыгыш өзгөчө армиясы­нын штабдарынын началь­ниги, Приволжье жана Ле­нинград аскер округдарын башкарган. Генштаб начальнигинин орун басары. 1936-37-ж. Испа­ниядагы жарандык согушка катышкан. 1939- 40-ж. Совет-финн согушунда 7-армиянын коман­дачысы. 1940-жылы августтан Генштаб начальни­ги, 1941-жылы СССР Коргоо эл комиссарынын орун

басары. Улуу Ата Мекендик согуштун башында 7-, 4-, 33-армиялардын командачысы катары Тихвин жанында фашисттик аскерлерди тал­калоого кол башчылык кылган. 1941-44-ж. Вол­хов, 1944-жылы Карель фронтторунун, 1945-жыл­дын апрелинен Приморье аскер тобунун, 1945- жылдан Биринчи Ыраакы Чыгыш фронтунун коман­дачысы. Манжурияда жана Түндүк Кореяда япон аскерлерин талкалашкан. Согуштан кийин При­морье, Москва, Беларуссия жана Түндүк аскер ок­ругдарынын командачысы. 1955-64-ж. СССРкор­гоо министрлигинде жооптуу кызматтарда. СССР Жогорку Советинин (1-5-шайл.) депутаты. Жети Ленин, «Жеңиш», Октябрь Революциясы, 4 Кызыл Туу, эки I даражадагы Суворов, I дара­жадагы Куmysов ордендери, медалдар жана чет эл­дик ордендер, медалдар менен сыйланган. Сөөгү Кызыл Аянттагы Кремль дубалына коюлган.