МЕНЕЖЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕНЕЖЕР (англ. manager - башкаруучу) - ишкананын, фирманын, бөлүмдүн жалданма жетекчиси, кесипкөй башкаруучусу. Иштин бир тармагына жооп берет. Ал фирмадагы ишти уюштурат, өндүрүштүк иштерди жетектейт. М. фирмадагы (ишканадагы) кызмат адамы болуп, анын ортонку жана жогорку башкаруу курамы­на (топ-менежер) кирет, бирок капиталга ээ эмес, к. Менежмент.