МЕЗОДЕРМА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
МЕЗОДЕРМА (мезо... жана грекче derma - тери) - көп клеткалуу жаныбарлардын (былпылдактар жана ичеги көңдөйлүүлөрдөн башка) жана адамдын түйүлдүктөрүнүн ортонку катмары. Эктодерма менен энтодерманын ортосунан орун алган. Жаныбарлардын ар түрдүү топторунда ар башка жолдор менен пайда болот. Жалпак куртта жана немертинде М-нын тилкеси ички органдардын арасын толтуруп турган бириктиргич тканды пайда кылат; муунак куртта жана көпчүлүк башка омурткасыз жаныбарда М-дан экинчи дене көндөй - целом өөрчүйт. Целомдон дененин булчуңдары жана бөлүп чыгаруу органдары пайда болот.