МЕГАЛОПОЛИС
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
МЕГАЛОПОЛИС (грекче megalou - чоң, ири жана polis - шаар) - бир нече шаарлардын бир аймакка топтолушу; көп сандаган кошуна шаар агломерацияларынын биригишинен пайда болот. М. байыркы грек шаары Мегалополдун (35 тургун жай бириккен) атынан аталган. Бул термин француз окумуштуусу Ж. Готман тарабынан 1957-жылы сунушталган. АКШнын Атлантика жээгиндеги Бостон менен Вашингтондун аралыгы, Хонсю а-нын Тынч океан жак жээгиндеги Токиодон Осакага чейинки (Япония), Төмөнкү жана Ортонку Рейн аймактары (Нидерланд - Германия), Лондондон Ливерпулга чейин (Улуу Британия), Калифорниянын Тынч океан жак жээги (АКШ; Сан-Францискодон Сан-Диегого чейин Сан-Сан деп аталат), Улуу көлдөрдүн (АКШ - Канада) аймагында ж. б. жерлерде М-тер пайда болууда.