МАҢКА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
МАҢКА (МаПеив), с а п - сыңар туяктуу малдын (жылкы, эшек ж. б.) жугуштуу ылаңы. 1882-жылы немис окумуштуусу Леффлер М-нын козгогучун бөлүп алган. М-да териде, былжыр челде жана ички органдарда жара пайда болот. Ылаң козгогуч таякча түрүндөгү микроб - Вас1. шаПех. Ал дезинфекциялоочу заттарда (мисалы, формалиндин 3%түү эритмесинде) 1 стын ичинде, ысык күндө 24 ста, 80°С температурада 5 минди өлөт. Ылаңдын жашыруун (букма) мезгили 2-4 жума. Катуу кармаган жана өнөкөт түрү бар. М. соо малга ылаңдаган малдын оозу-мурдунан жана сырткы жарадан бөлүнүп чыккан суюктуктар менен булганган жем-чөптү жегенде жугат. КМШ өлкөлөрүндө М. ылаңы жок кылынган. Бирок коңшу чет өлкөлөрдө (Кытай, Афганстан ж. б.) кезигет.