МАҢГЫСТОО ОБЛУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАҢГЫСТОО ОБЛУСУ - Казакстан Респ-нда­гы администрациялык бирдик. 1973-жылы уюшулган. 1988-90-жылы Атырау облусунун курамына кирген. 1990-жыл­дан кайрадан өз алдынча облус. Аянты 165,7 миң км2. Калкы 349, 6 миң (2004); калкынын негизин казактар (83,0%), орустар (14,8%) түзөт, ошондой эле кыргыз, украин, азербайжан, лезгин, та­тар ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Калкынын орт. жыштыгы 1 км2ге 2,1 киши. Шаар калкы 80,3% . Ири шаарлары: Ак-Тоо (мурдагы Шев­ченко), Жаңы-Өзөн, Форт-Шевченко. Борбору - Ак-Тоо (мурдагы Шевченко). Каспий бою ойду­ңунан жана Үстүрт платосунун батыш бөлүгүнөн орун алган. Батышынан Каспий деңизи менен чул­ганат. Климаты кескин континенттик. Январ­дын орт. температурасы -3°С, июлдуку 26°С. Жыл­дык жаан-чачыны 120-160 мм. Туруктуу дарыя­сы жок, бирок жер астындагы суунун запасы молекулалык Күрөң топурактуу. Бадал аралашкан шы­бак-баялыштуу чөл өсүмдүктөрү өсөт. Облустун аймагы кен байлыктарга бай. Экономикасынын негизин газ жана нефть (59 кени бар; ирилери: Өзөн, Жетибай, Калемкаш, Теңге, Ташболот ж. б.) түзөт, ошондой эле таш-үлүлдөр казылып алы­нат. Балык кармалып, беленделет. Жаңы­Өзөн - Атырау - Самара нефть кууру салынган. Т. ж-нун узундугу 700 км, автомобиль жолунуку 2 миң кмден ашык. Жаңы-Өзөн - Бейнеу газ кууру О. Азияга кеткен газ кууруна кошулат. Газ иштетүүчү, пластмасса заводдору, АЭС, деңиз суусун тазалоочу, курулуш материалдар, тамак­аш (анын ичинде сүт) ө. ж. ишканалары иштейт. Ө. ж. борборлору: Жаңы-Өзөн, Форт-Шевченко, Же­тибай. Облуста университет, политех. институт, коллеж­дер, музыкалык жана спорт мектептери, китепканалар, маданият үйлөрү, музейлер, облустук филармония, санитария-эпидемиол. станциясы бар. Кара-көл кою, жылкы, төө асыралып, үй куштары багы­латынча Каспий деңизинде кеме жүрөт.

Ад.: Мангыштак облусу//Географиялык энциклопе­диялык сөздүк. Ф., 1987; Кдзакстан үлттык энцик­лопедия. Алматы. 6-т., 2004.