МАШЫКТЫРГЫЧ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
МАШЫКТЫРГЫЧ, т р е н е р (англ. trainer, train - тарбиялоо, үйрөтүү) - спорттун белгилүү түрү боюнча адис, дене тарбия мугалими. Ал спортчуну тарбиялоого, окутууга жана чеберчилигин өнүктүрүүгө багытталган окуу-машыктыруу иштерин жүргүзөт. М-тарды негизинен дене тарбия институту, ошондой эле М-тардын атайын жогорку мектеби даярдайт. Эмг. сиң. М. деген наам белгиленген.