МАЧАДО-И-РУИС
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
МАЧАДО-И-РУИС Мануэль (29. 8. 1874, Севилья - 19. 1. 1947, Мадрид) - испан акыны. Королдук тил академиясынын мүчөсү (1938). Мадриддеги Эркин агартуу институтунда окуган. Модернизмдин испан адабиятындагы эң көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири. «Жан (1902), «Капричос» (1905), андалус фольклорунун үлгүсүндө жазылган «Канте хондо» (1912) ж. б. ыр жыйнактары бар. М.-и-Р-тин обондуу ырлары көбүнчө табият, өмүр жана өлүм, сүйүү өңдүү түбөлүктүү темаларды камтыйт. 1926-33-ж. агасы экөө «Хуан де Маньяра» (1927), «Олеандрлар» (1930) деген ыр түрүндөгү пьесаларды жазган.