МАХМУД ИБН ВАЛИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАХМУД ИБН ВАЛИ, МахмудбенЭмир В а л и [хижранын 1004-жылы (1595-96), Балх ш. - өлгөн жылы белгисиз] - орто азиялык окумуштуу, та­рыхчы. Өз доорундагы сабаттуу адамдардын бири болгон. Ислам дининдеги суффизм агымы ага өзгөчө таасир тийгизип, дубаначылык (1614- 23) кылган. Бул учурда «Равайих-и таййиба» («Жагымдуу жыттар») аттуу алгачкы эмгегин жараткан. Ал Кабул, Пешавар, Лахор ш-на сая­кат жасап, 1625-жылы ноябрда Делиге келген. Бир жылдан кийин Индия аймактарын (Калькут­та, Хайдарабад, Декан, Бенгалия ж. б.) кыды­рып, Ганг д-нын куймасына жакын жерден могол-индустарынын колуна түшкөн. Эки жыл­дай туткунда болуп, «Рисала-йи Бихарийа» («Бихар трактаты») эмгегин жазган. 1628-жылы ав­густта туткундан бошонуп, Агра ш-на Могол­дордун империясынын ханы (1628-58) Шах­Жаханга келген. 1629-жылы Пенжаб ш. аркылуу мекенине кайтып, «Ахлак-и Хусейни» («Ху­сейндин адеп тарбиясы») эмгегин аяктаган. Балх ханы (1606-42; 1645-51) Надир-Мухаммед­дин тапшырмасы боюнча көптөгөн тарыхый-географиялык чыгармалар (мисалы, Ибн ал-Факих Хамаданинин «Китаб ахбар ал-Булдан», Табаринин «Китаб ра­сул ва-л-мулук ва-л-хулафа», Истахринин «Ки­таб Масалик ва-л-мамалик», Мухаммед Ауфтун «Джами’ ал-хикайат», Жувейнинин «Тарых-и жахангушай», Рашид уд-Диндин «Джами’ ат­таварих», Мухаммед Хайдардын «Тарих-и Раиш­ди->, Абдаллах Балхинин «Зубдат ал-асар», Би­рунинин «Жами өлхикайат» ж. б.) менен тааны­шып чыккан соң, 1634-40-ж. ар бири 4 бөлүмдөн турган 7 том «Бахр ал-асрар фи манакиб ал­ахйар» («Асыл эрдиктердин эң көп сыры») ат­туу эмгегин жазган. Китепке 0. Азия жана ага. жакын аймактардагы тарыхый окуялар, ал жерде жашаган элдер жөнүндө этногр., географиялык, экономикалык ж. б. баалуу маалыматтар камтылган. М. и. В-нин бул эмгегинен о. кылымдагы кыргыздар жана алардын үрп-адаттары, жашаган аймагы, башка элдер менен болгон саясий мамилеси жөнүндө баалуу кабарларды алууга болот. Анда Маве­раннахрга караштуу мурда Хутталан деп атал­ган Кулабдын [к. Көлөп (Куляб) вилайети] бир бөлүгү (Дашт-и Алан) кыргыз урууларына ти­йиштүү жер экени көрсөтүлгөн. «Бахр ал-асрар фи манакиб ал-ахйардын» бир көчүрмөсү (6-том­дун 1-, 2-, 3-бөлүмү) 1902-жылы В. В. Бартолъд тара­бынан Ташкент шаарында табылган. Мындан тыш­кары М. и. В. «Мухаббат-наме» («Махабат ки­теби»), «Наджм-и сакиб» («Метеор») ж. б. ка­зал, касыйда менен жазылган ыр жыйнактары бар.

Чыг.: Море тайн относительно доблестей благород­ных. (География)/Введение, перевод, примечания Башкача Айтканда Ахмедова. Таш., 1977.

Ад.: Материалы по истории казахских ханств XV­XVIII вв. (Извлечения из персидских и тюркских сочинений). А.-А., 1969. Т. Асанов.