МАХМУД
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
МАХМУД (чын аты-жөнү - Махмуд М а г о м ед о в ; 1870-жылы чен - 1919) - авар акыны. Биринчи дүйнөлүк согушка катышкан (1914-18). Ата журтуна кайтып келгенден кийин большевиктер менен мамилеси жакын болгон. Сүйгөн кызы - Муи тектүү үй-бүлөдөн болгон. М-дун ага үйлөнүүгө кудурети жетпей, бүт кайгы-зарын ырларында айтып, тоолуктардын терс жактарын ашкерелейт. Ошондуктан арзыганы Муинин образы М-дун бардык чыгармаларында кездешет. Акындын сүйүү лирикасынын туу чокусу - «Мариам» поэмасы.