МАТВИЕНКО
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
МАТВИЕНКО Дарья Антоновна (8. 3. 1910, Курский обл., Марков району, Марков айылы - 1985,

Бишкек) - Социалисттик Эмгектин Баатыры (1960). 1945-жылдан КПСС мүчөсү. Эмгек жолун 1929-жылы баштаган. 1941-жылдан Фрунзе атындагы а. ч. машина куруу заводунда ширетүүчү. Ал Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде аялдардан алгач электр ширетүүчү кесибине ээ болуп, фронтко куралжарак даярдоодо эмгектенгенетикалык Конст-ларды, жабдууларды жакшыртуу боюнча убакытты, металлды арбын үнөмдөөгө жана буюмдардын өз наркын төмөндөтүүгө багытталган рационализаторлук сунуштарды киргизип, жылдык нормасын 145-220% аткарган. Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган.