МАРШ (музыка)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАРШ (фр. marche - басуу, алга жылуу) - көпчүлүктөн, аскер же жөн эле ар кыл жүрүштө топ адамдын бир калыптагы басыгын камсыз

кылуучу музыкалык жанр. М. так ыргагы жана бирдей темпи менен музыканын башка түрүнөн айырма­ланат. М. аскердик музыканын негизги түрү бо­луп эсептелет. М. майрамдарда, салтанат күндө­рү, аскер парадында, сөөк коюуда ж. б. аткарылат. М. сцена жанрында (опера жана балетте, ошондой эле концерттик музыкада) да бар. Бул анын формасын кеңейтүүгө, мазмунун жаңы көркөм каражаттар менен байытууга өбөлгө түзөт. Кыр­гыз композиторлору М. Абдраев («Жаштар мар­шы»), А. Малдыбаев («Эмгек маршы», «Кыр­гызстан», «Студенттер маршы»), К. Молдобаса­нов («Кыргызстан жаштарынын маршы»), П. Шубин («Фестиваль маршы») ж. б. компози­торлор М-тарды жазышкан.