МАРШ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАРШ (фр. marche - басуу, алга жылуу) - көпчүлүктөн, аскер же жөн эле ар кыл жүрүштө топ адамдын бир калыптагы басыгын камсыз

кылуучу музыкалык жанр. М. так ыргагы жана бирдей темпи менен музыканын башка түрүнөн айырма­ланат. М. аскердик музыканын негизги түрү бо­луп эсептелет. М. майрамдарда, салтанат күндө­рү, аскер парадында, сөөк коюуда ж. б. аткары­латынча М. сцена жанрында (опера жана балетте, ошондой эле концерттик музыкада) да бар. Бул анын формасын кеңейтүүгө, мазмунун жаңы көркөм каражаттар менен байытууга өбөлгө түзөт. Кыр­гыз композиторлору М. Абдраев («Жаштар мар­шы»), А. Малдыбаев («Эмгек маршы», «Кыр­гызстан», «Студенттер маршы»), К. Молдобаса­нов («Кыргызстан жаштарынын маршы»), П. Шубин («Фестиваль маршы») ж. б. компози­торлор М-тарды жазышкан.