МАРИЙЛЕР
МАРИЙЛЕР (өздөрүн мари, марий деп аташат, мурда черемистер деп аталган) - Россия Федерациясындагы эл (644 миң), Марий Эл Республикасынын жергиликтүү калкы (312,2 миң). Башкырстанда (105,8 миң), Татарстанда (18,8 миң), Удмуртияда (9,0 миң), Нижегород (7,8 миң), Киров (38,9 миң), Тюмень (11,0 миң), Свердлов (27,9 миң) жана Пермь облусунда (5,4 миң) да жашашат. Жалпы саны 604,3 миң киши (2002). Алар үч негизги субэтностук топко (тоо, талаа жана чыгыш) бөлүнөт. Тоо марийлери Волганын оң жээгин, талаа марийлери Ветлуг-Вятка дарыясынын

ортосун, чыгыш марийлери Башкирия аймагын мекендешкен. Марий жана орус тилдеринде сүйлөшөт. Христиан динин тутушат. Марийлердин этностук негизин финн-угор уруулары түзгөн. Марийлердин калыптанышына жана өнүгүшүнө түрк элдеринин (болгар, чубаш, татар) жана орустардын таасири тийген. Негизги кесиби - дыйканчылык, мал чарбачылык, аарычылык, балык кармоочулук. Улуттук кийими - туника сымал бычылган көйнөк, ыштан, узун этектүү кафтан, эркектер башына кийиз калпак кийип, белине кур курчанат. Аялдар алжапкыч тагынып, кооздуктарды колдонушат. Тамак-ашы - негизинен дан, эт, сүт азыктары.