МАРАКАЙБО (көл)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
МАРАКАЙБО - Венесуэладагы көл-лагуна. Маракайбо тектоникалык ойдуңунда, Венесуэла булуңунан түштүктө, аны менен тайыз (2-4 м) кысык аркылуу туташат. Аянты 16,3 миң клг2. Тереңдиги түштүгүндө 250 лгге чейин. Көлдүн түштүк бөлүгү туздуу, түндүк бөлүгү мала туздуу. Жээги ойдуңдуу, саздуу. Кеме жүрөт. Көл аймагынан нефть казылып алынат. Кысыкта Маракайбо деңиз порту бар.