МАНУЙЛОВА
МАНУЙЛОВА Ольга Максимилиановна (30. 10. 1893, Нижний Новгород ш. - 26. 1. 1984, Фрунзе) - скульптор, Кыргыз ССР эл сүрөтчүсү (1954). 1911-жылы Самарканд гимназиясын (алтын медаль менен) жана Ташкен балдар гимназиясын бүтүрүп, 1912-жылы Мюнхенде (Германия) атактуу скульпторлордун, искусство таануучулардын лекциясын уккан. 1913-16-жылы Москва живопись, ийчилик жана зодчийлик окуу жайынын скульптура бөлүмүндө окуган. 1920-жылдан Ташкент сүрөт окуу жайынын окутуучусу. 1928-жылдан Ленинграддагы Борбордук аскер-деңиз жана революция музейлеринин кызматкери. 1934-жылдан Кыргызстанда иштеген. М. - көптөгөн эстеликтердин, миниатюралардын автору. Негизги чыгармалары: «Советтик Конституция» (Конституциялык соттун

имаратынын бетиндеги барельеф фризи, цемент,
1940), И. В. Панфиловдун эстелиги (гранит, бетон, 1942. Атап Айтканда Мануйлов менен бирге), «Чоң Чүй каналын куруучулар» (гипс, 1942), М. Күрөңкөевдин портрети (гипс, 1948), Тоголок Молдого эстелик (гранит, 1963), Кыргыз опера жана балет театрындагы жасалга скульптура тобу (1952-55), С. Кийизбаеванын портрети (1952) ж. б. Медаль менен сыйланган.
