МАНДОЛИНА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАНДОЛИНА (италянча mandolina) - кылдуу черт­ме музыкалык аспап. XVI кылымдан колдонула баштаган. Мандолина Италияда (Неаполь) пайда болуп, XVIII кылымдан кеңири

таралган. Эң кеңири тара­ган түрү - Неаполь мандолинасы, неополи­тандын сопрано мандолинасы жупталып тартылган төрт кылдуу, квинта добуш аралыгына күүлөнөт. Мандолинанын аягы томпогой, 4 түгөйлүү кылы жана кыска моюн­часында металл беренелери бар, башы жалпагай келип, тоголок буроолор орноту­латынча Узундугу 610- 635 мм. Скрипка­дай эле квинтада толгонот. Медиа­тор менен чертилет. Мандолина жеке аткаруу­чулукта жана ансамблдерде колдонулат. Кура­мында мандолина жана гитаралар болгон оркестр неопо­литан оркестри деп аталат.