МАНАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАНАК - о. кылымдардагы карлук уруулары­на таандык Барскан ш. башчысынын титулу (дихкан). М. жөнүндө маалыматтар о. кылымдагы араб-фарсы тарыхчыларынын (Гардизи жана ибн Кудама) эмгектеринде кездешет. «Мужмал ат­таварих ва-л-кысас» боюнча Барскан шаарынын бийлөөчүсү «тебин-барсхан» деп аталган. Айрым изилдөөчүлөр (Б. Солтоноев) М-ты кыргыз коо­мундагы «манап» деген социалдык катмарга бай­ланыштырган, ошондой эле майда уруу курамдарынан кездешет. 15-к-да жалайырлардын (казак уруу­су) уруулук курамы «чу-манак», «сыр-манак» деген ири топко бөлүнгөндүгү маалым.

Ад.: Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Б., 1993. Т. 1; Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Т. 1. Б., 2003.