МАМОНТ
МАМОНТ (МаттпНшэ рг1т1§епшн)— пилдердин тукум курут болгон түрү. Евразия, Түндүк Америкада плейстоцендин 2-жарымынан белгилүү. Азыркы пилден чоң (бийиктиги 2,5-3,5 м) болгон, буттары, куйругу кыска, жүнү узун, кылкыйма тиштери өтө ийилген. Арктикалык шалбаалуу талаа жана

тундранын ачык ландшафттарында жашаган. Бадал жана чөп менен азыктанган. М. плейстоцендин аягында, голоцендин башында климаттык жана ландшафттык шарттын өзгөрүшүнө байланыштуу тукум курут болгон. Түндүк Сибирдин жана Альясканын көп жылдык муз кгтмарынан жумшак ткандары, териси, жүнү менен сакталган М. табылган. 1977-жылы Магадан облусунда М-тун баласынын мумия сөөгү табылып, анын карыны менен ичегисинде тамагынын калдыктары сакталган (ал 40 миң жылча мурда жашаган).