МАМЛЕКЕТТИК БЮДЖЕТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАМЛЕКЕТТИК БЮДЖЕТ - мамлекеттин ки­решелери менен чыгымдарынын жыл сайын түзүлүүчү сметасы (бөлүштүрүлүшү). Ал мамлекеттик киреше булактарын көрсөтүү жана чыгымдардын багыттарын аныктоо аркылуу түзүлөт. М. б. өкмөт тарабынан иштелип чыгып, мыйзам чы­гаруу бийлиги бекитет. Өлкөнүн бюджет-салык саясатын, тийиштүү активдерди башкаруу жана милдеттенмелерди жүргүзүүдө мамлекет менен баш­ка субъекттердин ортосунда экономикалык мамилелер түзүлүп, андан М. б-те көрсөтүлгөн акча агым­дары пайда болот. Бюджет укуктук акт (бюд­жет мыйзамы) түрүндө кабыл алынып, анда кирешелерди түшүрүү планы жана чыгаша чектөө­лөрү каралат. Ошондой эле пландаштырылган мөөнөт ичинде мамлекеттик карыздардын тийиштүү көлөмү көрсөтүлөт. Бюджеттеги чыгымдардын өзөгүн негизинен мамлекеттин тийиштүү мил­деттенмелерди (бюджеттик структураларга эм­гек акы төлөө, пенсия, жөлөк пул ж. б.) атка­РУУ түзөт. Бюджет жөнүндө мыйзам пландашты­рылган мөөнөткө (финансылык жыл эсебинде) кабыл алынат да, укуктук мамилелерди түзүп, андан четтебейт. М. б. бюджеттик-салык жана акча-кредит мамилелеринин ажырагыс бөлүгү катары экономиканы мамлекеттик жөнгө салуунун не­гизги аспабы болот. Ал бөлүштүрүүчү, турукташ­тыруучу жана көзөмөлдөөчү милдеттерди атка­рат. М. б. өлкөнүн өнүгүшүнүн кандайдыр бир деңгээлинде киреше менен чыгашалардын эсебин туура пландуу бөлүштүрүү зарылчылыгынан пайда болгон. Мисалы, Англияда 17-к-дын аягын­да бюджет деп өлкөнүн киреше-чыгаша доку­менти аталган. Ар бир өлкөнүн М. б-инин мүнөзү өлкөнүн түзүлүш тибине, экономикалык, табигый жана социалдык өнүгүү шарттарына, ички жана тышкы саясатынын өзгөчөлүктөрүнө ж. б. бай­ланыштуу ар кандай болот. Бюджетте киреше­лерге караганда чыгашалар көп болсо, М. б-те дефицитти (дефициттик бюджет), ал эми теске­рисинен болсо профицитти (профициттик бюд­жет) жаратат. Айрым өлкөлөр М. б-ти экиге бөлөт (кезектеги чыгашалар бюджети жана өнүгүү бюджети). Мисалы, Англия, АКШ, Канаданын М. б-инин өзөгүн өлкөдөгү салык чогултуу систе­масы түзөт.