МАМБЕТОВА
МАМБЕТОВА Насира Исмаиловна (2. 12. 1948- жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Тамга айылы) - драма артисти, Кыргыз Республикасынын эл артисти (1992). 1972-жылы Москвадагы А. В. Луначарский атындагы театр искусствосу институтун бүткөн. 1972-1994-жылдары Ош кыргыз драма театрында иштеген. 1994-жылдан Б. Кыдыкеева атындагы Жаш көрүүчүлөр театрында эмгектенет. Н. Мамбетова улуттук, дүйнөлүк, орус драматургдардын спектаклдеринде.бир катар каармандардын образын түзүп, аларды кулк-мүнөзүн, ички дүйнөсүн чебер

ачып бере алган. Негизги ролдору: Ак бала (М. Ауэзов, «Каракөз»), Жаңыл Мырза (А. Куттубаев, К. Маликов, «Жаңыл Мырза»), Кадича, Сейде (Ч. Айтматов «Кызыл жоолук жалжалым», «Бетме-бет»), Багдагүл (Т. Абдымомунов, «Ашырбай»), Мадина (М. Карим, «Жөө Махмуд»), Аял (М. Байжиев, «Акыркы рейс»), Гертруда (У. Шекспир, «Отелло»), Комиссар (В. Вишневский, «Оптимисттик трагедия»), Актриса (М. Гапаров, «Туздуу чөл») жана башкалар. Н. Мамбетова киного да тартылган: Бекей (Б. Шамшиев, «Ак кеме»), Кадича (И. Поплавская, «Мен - Тянь-Шань») жана башкалар. Москва шаарында өткөн Бүткүл союздук эл чыгармачылыгы фестивалынын лауреаты (1987). «Курманжан Датка» тарыхый фильминде (2014) башкы ролду аткарган.


III даражадагы «Манас» ордени (2016) менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2016). Кыргыз Республикасынын Кинематографисттер союзунун башкармалыгынын мүчөсү.