МАМБЕТАИПОВА Шакен
МАМБЕТАИПОВА Шакен (20. 11. 1936, Ысык-Көл облусу, Тоң району, Туура-Там айылы - 16. 7. 1995, Бишкек) - сүрөтчү-кол өнөрчү, акын, 1971-жылдан Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, «Кыял» көркөм өндүрүш бирикмесин негиздөөчүлөрдүн бири, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1975), Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү (1992). 1970-жылы Бишкектеги
сүрөтчүлөр окуу жайын бүткөн. Эмгек жолун 1960-жылдан Бишкек элдик кол өнөрчүлүк фабрикасында башкы сүрөтчү болуп иштөө менен баштаган. 1965-1969-жылы Оштогу Жибек комбинатында сүрөтчү, 1969-1973-жылдары Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өнөр жай министрлигинде башкы сүрөтчү, 1973-1976-жылдары башкы конструктор болуп иштеген. Ш.Мамбетаипованын «Төөчөн кыз», «Ашкана» (экөө тең 1970), «Мейман күтүү» (1972), «Ак кеме», «Кыз куумай» (1979) жана башка чий паннолору; «Айдың көл», «Ак бугу» жана башка шырдактары, «Гүлдөр дүйнөсү» сыяктуу баркытка сайылган саймалары, Ч. Айтматовдун портрети (1978) жана башка чыгармалары союздук, республикалык жана чет өлкөлөрдөгү (Моңголия, Япония, Америка, Полыпа, Румыния жана башкалар) көргөзмөлөрдө жогорку сыйлыктарга ээ болгон.

Ш. Мамбетаипова - «Кыргыз пейили» (1976), «Кыргыз орнаменти» (1980), «Ырлар» (1981), «Байыркы жылдыздар» (1984), «Оюмдагы обондор» (1986), «Улуу тоолор» (1989) ыр жыйнактарынын автору.