МАМБЕГАКУНОВ Молдосейит

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАМБЕГАКУНОВ Молдосейит [5. 11. 1952-жылы туулган, Тянь-Шань (азыркы Нарын) облусу, Ат-Башы району, Кошой айылы] - режиссёр, доцент (2009), профессор (2011), Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1993), Кыргыз Республикасынын эл артисти (2002).

МАМБЕГАКУНОВ Молдосейит

Б. Бейшена­лиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун бүтүр­гөн (1977). Кыргыз телера­дио комитетинде режиссёрдун ассис­тенти (1977-1978), режиссёр (1978-1980), башкы режиссёр (1980-1990), программа боюнча директор (1990-1991), Чүй облусунда Телерадиокомпаниянын төрагасы (1991-1996), Кыргыз телерадиодо биринчи вице-пре­зидент (1996-2001, 2002-2005), президент (2001-2002), Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда окутуучу (2000-2005), бөлүм башчы, профессор (2006-2008), проректор (2008-2009), М. Каш­гари атындагы Чыгыш университетинин окутуучусу, профессор (2003-2006), Евразия телеакадемиясынын жана Кыргыз кино академиясынын академиги (2004-жылдан), «Казына» радиосунун режиссёру (2005-2007), Кыр­гыз-Түрк «Манас» университетинде окутуучу (2007-2008), доцент (2008-2010), кафедра башчысы (2010-2011), профессор (2011-жылдан).

«Көч» даректүү фильми үчүн ЭКФтерде Гран-прини (2011, Казан; Ката, 2012), Кыргызстанда «Ак илбирс» кинофестивалын­да баш байгени (2012) жеңип алган. Бир нече медаль менен сыйланган.