МАЛОН ЭФИРИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
МАЛОН ЭФИРИ, H2C(COOC2H5)2 - малон кислотасынын диэтил эфири. Жемиш жыттанган түссүз, майлуу суюктук, эрүү 1 49,9°С; кайноо 1 199°С; сууда эрибейт, этанол, диэтилэфир менен аралашат. Органикалык эриткичтерде - жакшы, сууда начар эрийт. М. э. циануксус кычкыл натрийге H2SO4түн катышуусунда этил спиртин таасир этүү менен алынат. Метилен тобундагы суутек атомдору металлдар ж. б. менен орун алмашуу реакциясына оңой кирет. М. э. дары жасоодо, органикалык заттарды синтездөөдө, тамак-аш ө. ж-нда кеңири колдонулат.